Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 10:16
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Өзүн тапкан адам күнгө окшош

21.01.2024 10:33
562
Өзүн тапкан адам күнгө окшош


Күн чыгыш өлкөсү дайыма жашоого болгон өзгөчө мамилеси менен белгилүү. Азыркы күндө да башкалардан өзгөчөлөнгөн өзүнүн жашоосу менен жашайт. Өз философиясын түзүп, ар кайсы кырдаалда колдонгонго принциптерди жана эрежелерди ойлоп табат.


· Кетип атканды кармаба, келип атканды кубалаба.


· Бат – бул шашпай, бирок тынымсыз.


· Жаман адамдын досу болгуча, жакшы адамдын касы бол.


· Ким өйдө көтөрүлгүсү келсе, тепкич ойлоп табат.


· Эрди-катын кол менен көздөй болуш керек: кол ооруганда – көздөн жаш чыгат, көздөн жаш чыкканда – кол жашты сүртөт.


· Күн чындыкты билбейт. Күн калпты билбейт. Күн баарын бирдей жылытат. Өзүн тапкан адам күнгө окшош.


· Алыс жол дагы жакындан башталат.


· Сулуу гүлдөн жакшы мөмө чыкпайт.


· Кайгы айрык көйнөк сыяктуу, аны үйдө калтырыш керек.


· Ашыкча жөнөкөйлүктүн артында сыймык турат.


· Ким каршылашынан жарым саат көбүрөөк чыдаса, жеңишке жетет.


· Өзүңдү билгиң келеби – башкалардан сурап көр.

· Муздак чай менен муздак күрүчкө чыдаса болот, муздак көз караш менен муздак сөз чыдагыс болот.


· Терең дарыя добушсуз агат.


· Ойлондуңбу – чечим чыгар, чечим чыгарган соң – ойлонбо.  


Булак: "Азия Ньюс" гезити

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн