Май 16, 2024
Время: 02:37
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

COVID-19 деген вирус жок. Аны ойлоп чыгарышкан!

24.12.2020 10:53
5178
COVID-19 деген вирус жок. Аны ойлоп чыгарышкан!


Ушул күндөрү Европа пандемиянын азабын айда тартып жатат. Көздөй кошунабыз француздар көптөн бери катуу тартипте, ашкана, ресторандары жабык. Немистер кайрадан карантинге кирди. Швейцария эртеңден баштап тамактанчу жайдын баарын жабууга кайрадан буйрук берди. Болбосо алар эки жума мурда эле ачылган болчу. Мына ушундай күндөрү, кечээ, Женевалык врач дарыгер, Эрик Жиру менен маектештим. “Көрдүңүзбү, кайрадан карантин. Бул жөн көрүнүш эмес. Мында бир сыр бар. Бул өтө чүмбөттөлгөн башкача саясат. COVID 19 деген вирус жок. Бул генетикалык модификация болуп жасалган бир “оору”. Аны атайын ойлоп чыгарышкан. Биз муну изилдеп жатабыз…”, - деди.


Билбейм. Бир саат сүйлөштүк. Менде дале көп суроо калды. Далайларга азап салып аткан бул кеселди айткым да жок эле… Бирок ошол азаптын учугун балким бул дарыгерге окшогон адамдар акыры таап чыгышаттыр… Анан калса бул ойду бөлүшкөн башка врачтар да бар. Ким билет!? Кененирээк гезитке даярдап болуп, сиздер менен чогуу бөлүшөм. Баарыбыз сак саламат, ден соолукта бололу!


Жеңишбек Эдигеев, журналист

Комментарии (1)

Защитный код
Таа
Мадумаров мартта вирус державалар саясий дуйно болуштуруу оюну десе тепкилединер еле.