Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин эстелигин митингчилер кулатууга аракет кылышууда. Бул тууралуу КазТаг басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, митингчилер экс-президенттин Алматы облусунун Талдыкоргон шаарындагы эстелигин кулатышууда.
Эске салсак, 2-январда чыккан митинг бүгүнкү күндө жалпы Казакстанды камтып, көтөрүлүп чыккан эл өздөрүнүн талаптарын айтышкан. Ал убакта казак парламенти отставкага кетип, президент Касым-Жомарт Токаев Коопсуздук Кеңешинин төрөгалыгынан Нурсултан Назарбаевди бошотуп, өзү жетектөөдө.
Комментарии (0)
Нет комментариев. Вы можете быть первым!