Май 05, 2024
Время: 16:46
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Шайлообек Атазов: Профсоюз жетекчилери өздөрүнө 495 миң сомго чейин айлык акы коюп алышкан

21.06.2023 16:01
3818
Шайлообек Атазов: Профсоюз жетекчилери өздөрүнө 495 миң сомго чейин айлык акы коюп алышкан


Профсоюздардын жетекчилери путевкаларды сатууда коррупциялык схеманы уюштурушкан. Бул тууралуу депутат Шайлообек Атазов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.


Анын айтымында, алар тигил же бул уюмдун мүчөлөрүн жасалма түрдө көбөйтүп, өлгөн жарандарга путевкаларды сатышкан.


«Мисалы, токой чарба кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин 1,5 миң мүчөсү болсо, 17 миң 805 адамга жасалма документ жасап, аларга жолдомо алышкан», - дейт Шайлообек Атазов.


Профсоюздук органдардын ишин текшеруу боюнча депутаттык комиссия да объектилерди арзандатылган баада сатуунун бетин ачты.


Шайлообек Атазов Ысык-Көлдөгү пансионаттын 3,7 гектар жери 300 миң сомго сатылганын билдирди. «Ушунча жылдан бери алмашпаган жетекчилер бар. Алар 20-30 жыл иштеп, профсоюздук мүчөлүк акыларды өз каалоосу менен башкарып, анын ичинде өздөрүнө 495 миң сомго чейин маяна дайындашкан», - деди ал.

Теги

Комментарии (1)

Защитный код
Нурбек
Ай ачкоздор качан тойосунар