Бугу 05, 2024
Убакыт: 13:43
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Чек арада ким биринчи ок атты? Эки өлкө айыпты бири-бирине оодарууда

24.05.2020 18:33
1080
Чек арада ким биринчи ок атты? Эки өлкө айыпты бири-бирине оодарууда


24-май күнү Баткен районунун Мойнок тоосу аркылуу өткөн кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу орун алды. Бул  чыр-чатакка ким күнөлүү экенине келгенде эки өлкө бири-бирине төңкөп жатат.


Буга чейин Кыргызстандын чек ара кызматы белгисиз адамдар кыргыз чек арачыларын көздөй ок атканын билдирген.


Ал эми Тажикстандык басылмалар чек арадагы окуяда кыргыз тарап биринчи ок чыгарганын жазышууда.


“Кыргыз тарап эки өлкөнүн ортосундагы келишимди сактагандын ордуна Пули Офтобруянын жашоочуларын көздөй ок чыгарган. Тактала элек талаш жерге кошумча чек арачылар жиберилген”, - деп Тажикстандын коопсуздук кызматына шилтеме берип тажик басылмалары жазууда.


Ошол эле учурда эки өлкөнүн тең чек ара кызматтары абал турукту экенин билдиришүүдө. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн