Бугу 19, 2024
Убакыт: 05:21
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

-25 градуска чейин төмөндөйт. Кыргызстандын аймагында катуу суук болушу күтүлүүдө

-25 градуска чейин төмөндөйт. Кыргызстандын аймагында катуу суук болушу күтүлүүдө

Кыргызстандын аймагында 11-январдан тарта аба ырайы кескин төмөндөп, кар жаап, жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдайт.


ӨКМ алыскы жолго чыгууда дарылардын топтомун, ысык суу, жол азыгын, күрөк жана дөңгөлөк чынжырчасын алууну унутпоону эскертет.


Унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталуусу зарыл.


9-10-январда республиканын бардык аймактарында кар жаайт. Кээ бир райондордо катуу шамал болот.


10-11-январда катуу суук болот. Чүйдө түнкүсүн -10...-15°, күндүз -5...-10°, Таласта түнкүсүн -13...-18°, күндүз -7…-12°, өлкөнүн түштүгүндө түнкүсүн -5…-10°, күндүз -3°…-8°, Ысык-Көлдө түнкүсүн -3...-8° суук болот. Нарын облусунда түнкүсүн -6...-11, күндүз -3...-8 градус, күндүз -15...-20, күндүз -12...-17 градуска чейин суук болот.


12-13-январда Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -20...-25°, күндүз -14...-19°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жана Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -12...-17°, күндүз -9...-14°, Нарын облусунда түнкүсүн -26...-31°, күндүз -17…-22° чейин суук.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн