Жетинин айы 17, 2025
Убакыт: 12:55
USD
87.30
87.80
EUR
101.10
102.10
RUB
1.075
1.105

Өлкө аймагында оор жүк ташуучу унааларга көзөмөл күчөтүлдү

17.11.2025 09:41
16
Өлкө аймагында оор жүк ташуучу унааларга көзөмөл күчөтүлдү


Өлкө аймагында оор жана кооптуу жүктөрдү ташуучу унаалардын ишин көзөмөлдөө күчөтүлдү. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.


Маалыматка ылайык, иш-чаранын негизги максаты жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу, мыйзам бузуу учурларын алдын алуу жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу болуп саналат.


Бул багытта ЖКККББнын кызматкерлери курулуш материалдарын жана башка оор жүктөрдү ташыган айдоочулар менен жеринде жолугуп, бир катар талаптарды сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.


Айдоочуларга төмөнкүлөр милдеттендирилди:

  • жол кыймылынын эрежелерин так жана үзгүлтүксүз сактоо;                
  • унаанын техникалык абалын тынымсыз көзөмөлдөө;                                                          
  • жолдо жөө жүргүнчүлөргө жана жеңил автоунааларга артыкчылык берүү;
  • оор жүк ташуучу унаалардын санитардык абалын камсыз кылуу, өз учурунда жууп-тазалоо.


ЖКККББ алдын алуу иштерин мындан ары дагы күчөтөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн