Бугу 11, 2024
Убакыт: 22:06
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Ө. Бабанов жаңы бийликтин тилин кантип тапты?

25.03.2021 10:11
1348
Ө. Бабанов жаңы бийликтин тилин кантип тапты?

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Өмүрбек Бабановго карата козголгон кылмыш иштери токтотулганын маалымдады. Атайын кызматтын билдиргенине караганда «Бабановдун жана анын туугандарынын мамлекетке, жарандарга тийгизген зыяны аныкталган жок». Ошондой эле Өмүрбек мырза өз каалоосу менен мамлекетке 100 миллион сом (1,2 миллион доллар) өлчөмүндө акчалай колдоо көрсөтө турган болгону да айтылды.


Эске сала кетсек, Ө. Бабанов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бийлигинин учурунда премьер-министрлик кызматты аркалаган. 2017-жылдагы президенттик шайлоодо да башкы талапкерлердин бири болгон. Ошондо ал Ош шаарынын Он-Адыр кичирайонунда өзбек тектүү жергиликтүү тургундар менен жолугушуусунда «Тизелеп туруп жашаганча, тике туруп өлгөн жакшы» деп айткан эле. Ошол шайлоодон кийин эле ага ушул сөзү үчүн жана бийликти күч менен басып алууга жана массалык башаламандыкка даярдык көрүү фактысы менен кылмыш иштери козголгон.


Мындан тышкары бир нече кылмыш иштеринин алкагында укук коргоо органдарына сурак берип жүргөнү белгилүү. Ага каршы финансы полициясында 8 иш тергелип жатканы да айтылган. Бирок, кайсыл иштер экени коомчулукка ачык айтылган эмес эле. Ошентсе дагы анын «АКБ Кыргызстан» банкына, НТС телеканалына, дагы башка ишкерлердин бизнестерине байланыштуу рейдерлик баскынчылыктары болгону тууралуу маалымат булактары көп эле жазышкан.


Эми аны УКМК «мамлекетке жана жарандарга зыяны тийгени аныкталган жок» деп актап жатат. Ошондо «АКБ Кыргызстан» банкынын мурдагы акционерлери ага жөн эле жалаа жаап келишкен болобу? НТС телеканалынын 2010-жылдан кийин Максим Бакиевден кайра Бабановго өтүп кеткени да мыйзамдуу эле болобу? Он-Адырда сүйлөгөн сөзү да эч кандай улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган эмеспи? Суроолор толтура, бирок коомчулук жетиштүү жооп ала албай турат. Башкаларын айтпай эле коелу, «АКБ Кыргызстан» банкынын мурдагы ээси Шарипа Садыбакасованын узак жылдардан бери чырылдап, акыйкаттык издеп жүргөнү эмне болот? Же анын да оозун басып коюштубу?


Мынча болду ага каршы финполицияда кайсыл 8 иш тергелип жаткан болчу экенин жана аларды тергөөдө кантип Бабановдун жана анын туугандарынын зыяны болбогонун да коомчулукка кеңири түшүндүрүп коюшса жакшы болмок. Эгерде жең ичинен макулдашуулар менен кылмыш иштери жабыла берсе, анда коррупцияга каршы күрөштүн маңызы кетпейби?


Сагынбек Сатыкеев


Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Таа
100 миллион Бабанга тукурук да.Мына сага мыйзамдуулук