Бишкекте дагы бир жаңы ротордук унаа токтотмо ишке кирди.
Мэриядан билдиришкендей, экинчи ротордук токтотмо Аламүдүн базарынын аймагында жайгашкан. Бул токтотмо унаа токтоочу жерлерди үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк берет. Заманбап жабдуу 10 унаага эсептелген. Төлөм QR-код аркылуу кабыл алынат. Төлөм жүргүзгөндөн кийин айдоочу чекти операторго көрсөтүп, токтотмодон чыга алат.
Жаңы ротордук токтотмонун ишке кириши Бишкектин борбордук аймактарындагы унаа токтоочу жайлардын жетишсиздиги маселесин чечүүгө багытталган кадамдардын бири болуп саналат.
Буга чейин Бишкекте биринчи жолу Орто-Сай базарында ротордук унаа токтотуучу жай орнотулган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн