Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 16:58
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

№1 Мамлекеттик Туу (Борбордук аянттагы туунун таржымалы)

03.03.2022 12:35
4090
№1 Мамлекеттик Туу (Борбордук аянттагы туунун таржымалы)


Өлкөбүздүн Ала-Тоо аянтындагы Кыргызстандын башкы туусу жөнүндөгү айрым эл билбеген жактарын тарых үчүн айтып коюу туура болот деген ниеттемин. Бул аянтта 2008-жылга дейре узундугу 15 метрдей болгон флагшток бар эле. Аны биз “куловдун желеги” деп коер элек. Бу желек Феликс Кулов Бишкек шаарында мэр болуп турганда орнотулган.
2008-жылдары идея көтөрүп бул тууну алмаштырсак, башкы аянтка бийик флагшток койсок деп, а кездеги КРнын мамлекеттик катчысы Досбол Нур уулуна кызматтык кат менен кайрылып, сунуш киргиздим. Анда мен Маданият министри элем. Идея Досбол Нур уулуна жакты, колдоду. Президент Бакиевке бу сунушту жеткирди. Көп өтпөй бул демилге өлкө башчысы тарабынан колдоого алынды. Турцияга барган сайын түрк элинин мамлекеттик туусуна болгон мамилесин, сыйын, урматын билер элем, суктанар элем. Президент “Султан Раев өзү демилге көтөрдүбү, флагштокту да тапсын, каражатын чечип беребиз” дептир. Сөз ошондой болду. Стамбулга флагшток издеп жөнөдүм. Аерде флагшток жасаган бир эки ишкана бар, алар буйрутма берсеңер гана жасайбыз деди. Флагштоктун 45 жана 75 метр бийиктиктеги эки түрү бар экен. Бишкек менен байланышып, аянтыбызга канча метр бийиктиктеги флагшток туура келет десем, адистер, архитекторлор 45 метр бийиктиктеги туура келет деп жооп берди. Ошентип, 45 метр бийиктиктеги флагштокко буйрутма бердик өлкөнүн атынан. Каражатын Президент чечти, ишканага түз которулду. Флагшток даярдалып Бишкекке жеткирүү маселеси калганда түрк туугандар айтып калды. “Экини албайсыңарбы, бир флагшток менен эки флагштоктун жол киреси бирдей эле, андан калса экөөнү алсаңар баасы да арзандайт” деп калды. Бул маалыматты Ак Үйгө жеткирдим. Алар да колдомок болуп, түрктөргө кепилдик бергенден кийин эки флагштокту жөнөтмөк болду. Бир жумадай убакытта флагшток жүктөгөн фура Бишкекке келди. Экинчи флагштокту өлкөнүн түштүк борбору Ошко орнотмок болдук. Түркиядан адисттер келип, эски флагшток турган жерге орнотуу иштерин баштады. Курулуш иштери 15 күндөй убакытты алып, башкы аянтка бийиктиги 45 метр, желектин көлөмү 25 кв.метр флагшток орнотулду. Кийин башкы мамлекеттик N 1 тууну көтөрүү салтанаты өттү. Экинчи флагштокту Ошко орноттук. Эки туу тең автоматтуу түрдө көтөрүлөт. Тууга Улуттук гвардияны ардактуу караулу коюлду. Туунун кыскача таржымалы ушундай. Мамлекеттин башкы туусунун Ала-Тоо аянтына тургузулганына аздыр-көптүр кошкон салымыма жаран катары сыймыктанам.

Бул Туубуз өлкөбүздүн Эгемендүүлүгүнүн башкы символуна айланды.

Мамлекеттик Туу Күнү менен мекендештер!

Султан Раев, Эл жазуучусу

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн