Бишкек шаарындагы №1 абактын 1 кызматкеринен коронавирус илдети табылды. Бул тууралуу 8-майда болгон брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
“№1 абактын бир кызматкерден анализи тастыкталып, коронавирус деп карап жатабыз. Учурда кошумча тастыктоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу кененирээк маалымат берилет”, - деди Үсөнбаев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн