Бугу 01, 2024
Убакыт: 12:21
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

1 алтын, 4 күмүш. КМШ өлкөлөрү арасында күрөш боюнча Кыргызстан 10 медаль утту

05.09.2021 08:09
1690
1 алтын, 4 күмүш. КМШ өлкөлөрү арасында күрөш боюнча Кыргызстан 10 медаль утту


Кыз-келиндер жана эркин күрөш боюнча курама команда I КМШ Оюндарында 10 медаль жеңди. Жалпы 10 комплект медалдан ойнотулду. 


Кыздар арасында 55 кг салмактык категорияда Калмира Билимбек кызы алтын медалга, Марсбек кызы Назира ( 62 кг) жана Нураида Анаркулова (59 кг) күмүш медалга ээ болушту. Ошондой эле Бермет Нурдин кызы (57 кг), Нурзат Нуртаева (72 кг) жана Назик Мирлан кызы (50 кг) КМШ Оюндарынын коло байгесинин ээси аталышты. 


Эркин күрөш боюнча 57 кг салмактык даражада Алмаз Сманбеков жана Икромжон Хаджимурадов (65 кг) күмүш медаль тагынышты. Мындан сырткары Тайырбек Жумашбек уулу ( 61 кг), Нуртилек Карыпбаев (86 кг) жана Айбек Токтогул уулу ( 70 кг) коло байгеге ээ болушту. 


Спортчулар башкы машыктыруучулар Усонаалы Рыскулов, Суймонкул Таабалды уулу жана Исламбек Тазабековдун жетекчилиги алдында чыкты. 


Белгилей кетсек, мелдештер 2-сентябрда старт алган, жана 11-сентябрга чейин уланат. Жалпы 16 спорттун түрүнөн 182 комплект медаль ойнотулат. 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн