Бугу 20, 2024
Убакыт: 12:26
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

1-апрелден тарта унааларынын ОСАГО полиси жок юридикалык жактарга айып салына баштайт

28.03.2023 16:06
249
1-апрелден тарта унааларынын ОСАГО полиси жок юридикалык жактарга айып салына баштайт

Кыргызстанда 2023-жылдын 1-апрелинен тартып Автоунаа ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин камсыздандыруу (ОСАГО) полиси жок юридикалык жактарга айып салына баштайт. Бул тууралуу агенттикке Мамлекеттик финансылык көзөмөл кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, тиешелүү токтомдун долбооруна министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.


Документке ылайык, 2023-жылдын 1-апрелине чейин юридикалык жактардын, анын ичинде мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын менчигинде же ээлигинде турган автотранспорт каражаттары милдеттүү түрдө камсыздандырылышы керек.


Ал эми калган бардык автоунаа ээлери үчүн ОСАГО 2024-жылдын башынан тарта милдеттүү болуп саналат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн