Чын курандын 23, 2024
Убакыт: 15:28
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

1 айлык азык-түлүгүң бар болсо үйүңдө эле жата турчу...

25.03.2020 10:11
831
1 айлык азык-түлүгүң бар болсо үйүңдө эле жата турчу...


Ээ, туугандар бизде абал оорлоп кетсе өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттар жокко эсе. Өзүң же жакының өлүм алдында турса, чыркырап... Аппарат жетишпейт... Коронавирус күчөп кетип, акыркы стадиясына келсе эң акыркы чара жасалма аппарат менен дем алдыруу.. Бир аппарат 2 миллион сом турат. Өкмөт медицинага 30 миллион сом бөлгөн. Ага көп болсо 15 аппарат эле келет...Ага да чоңдордун, акчасы барлардын жакындары жатып...


Эгер үйүң бар болсо, 1 айлык азык-түлүгүң бар болсо үйүңдө эле жата турчу... Макул, сага жукпайт экен, иммунитетиң өгүздүкүндөй экен, бирок сен жугузуп келип иммундук системасы начар балаңа жукса эмне болот? Дүнүйөң куруп, кайсы күнү шаарга бардым экен деп өзүңдү жээрсиң. Чыдап отура турчу 1 ай. Ижараң төлөнбөй калса, аны ачык жаз. Бир айласы табылар. Мисалы, Караколдо 4 ИВЛ (жасалма дем алдыруучу аппарат) бар экен. Кокус, 10 киши оор абалда түшсө, алтоосу эмне болот? Жер-жерлерде деле ИВЛ аппараттары жетишсиз...

 

Семетей Талас уулу, эркин журналист

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн