Сырттан алынган насыялык каражаттардын көпчүлүк бөлүгү унаа жолдорду салууга жумшалып жатат, ошол эле кезде унаа жолдорду салууда чиеленишкен көйгөйлөр көп болуп жатат. Депутат Төрөбай Зулпукаров мындай сөзүн Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында айтты.
Анда депутаттар унаа жолдорду салууга байланышкан маселе боюнча протоколдук тапшырмалардын аткарылышын карап жаткан.
Зулпукаров Бишкек-Кара-Балта унаа жолунунун бир чакырым жолу 1 миллион 560 миң долларга, сомдун азыркы курсу менен алганда 120 миллион сомго салынып жатканын, бул өтө кымбат экенин айтты.
“Бул долбоорлордун баарында проблема болуп жатат. Азыр баштапкы баасынан дагы 7 миллион долларга кымбаттай турган болуп жатат. Андан сырткары иштин аткарылышы бир жылга кечиктирилип отурат. Ошондуктан кабыл алынмайынча бул маселени комитет көзөмөлдөн албашы керек. 67 чакырымды түзгөн Жалал-Абад - Маданият жолун алалы. Чет элдик компания тендерден 72 миллион долларга утуп алып жатат. Анын 1 чакырымы 1 миллион 74 миң 626 долларга салынып жатат” - деген депутат тендердик комиссияга катышкандардын, куратор болгон адамдардын тизмесин берүүнү талап кылды.
Эл өкүлү Таранспорт жана жол министринин мурдагы орун басары Азимкан Жусубалиев 1 чакырымы 500 миң доллар болгон жерден 500 миң доллар пара талап кылууга шектелгенин, ал эми 1,5 млн доллар деген жерлер эмне болуп жатканына кызыкты.
“Жусубалиев түндүк-түштүк кошумча жолунунун 70 чакырымды түзгөн Эпкин-Башкуган бөлүгүн курууда 500 миң доллар пара талап кылууга шектелип кармалган. Сот чечет. Ал бөлүктү салуу үчүн тендерди чет элдик компания 40 миллион 750 миң 971 долларга утуп алган. Бир чакырымы 582 миң 156 доллар болуп жатат. Бир чакырымы 500 миң доллар болуп жаткан жерде 500 миң доллар пара алынып жатса, башка бир чакырымы 1,5 миллион доллар болуп жаткан жерде эмне болуп жатат?”, - деди депутат.
Зулпукаров тийиштүү мамлекеттик органдарга бул боюнча тапшырма берип териштириш керек деген сунушун киргизди. Андан кийин тендерди чет өлкөлүк компаниялар утуп алып, бирок иш жүзүндө ишти аткарган жергиликтүү компаниялар болуп жатканын, анысы аз келгенсип өз учурунда акчаларын ала албай калып жатышканын кошумчалады.
Маселен Жалал-Абад – Маданият жолун салууну чет элдик компания 1 миллион 74 миң 626 долларга уткан. Бирок ишти кыргызстандык эки компания аткарууда. Жанат Бейшенов депутаттын суроосуна жооп берип жатып айтылган маселелер чынында ушундай экенин мойнуна алды.
“Анан айтасыңар, биздин ата мекендик компанилар жол сала албайт деп. Бирок иш жүзүндө жол салып жаткан компаниялар ата мекендик болуп жатпайбы. Бир күрөгү жок компаниялар тендерди утуп алышат да, ишти биздин компаниялар жасап жатат. 1 миллион доллар болсо, ата мекендик компанияларга анын 700 миң доллары гана берилет”, - деди Зулпукаров.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн