Казакстанда 1-февралдан COVID-19га каршы калкты жапырта эмдөө башталат. Бул тууралуу казак басылмалары жазды.
Белгилүү болгондой, казак өкмөтү ушул жылдын аягына чейин 6 миллион калкты эмдөөнү пландаган.
Казакстандын Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Марат Шоранов эмдөөнүн биринчи баскычында Орусиянын "Спутник-V" вакцинасы колдонуларын билдирген.
"Калкты эмдөө этап-этап менен жүргүзүлөт. Февралдан тарта медкызматкерлер эмделет. Жалпы жыл соңуна чейин 6 миллион адамды эмдөө пландалды. Булардын катарында 18 жаштан кичүү өспүрүмдөр жок", - деп айтылат билдирүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн