Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 18:43
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

1-февралдан элди коронавируска каршы “Спутник V” вакцинасы менен жапырт эмдөө башталат

19.01.2021 16:00
691
1-февралдан элди коронавируска каршы “Спутник V” вакцинасы менен жапырт эмдөө башталат

Казакстанда 1-февралдан тартып калкты жапырт коронавируска каршы эмдөө иши башталат. Бул тууралуу 19-январдагы өкмөт жыйынында өлкөнүн саламаттык сактоо министри Алексей Цой кабарлады. Министрлик жыл соңуна чейин 6 миллион кишини эмдөөнү пландоодо.


Биринчи кезекте инфекциялык оорукана, тез жардам, реанимация бөлүмү, ооруканалардын кабыл алуу бөлүмүндө иштеген кызматкерлер, санитардык-эпидемиологиялык кызматкерлер эмделет. Бул болжол менен 100 миң киши. Эмдөө 2021-жылы 1-февралда башталат”,- деди Цой.


Мартта мектеп мугалимдери, жогорку окуу жайлардын окутуучулары, апрелде мектеп-интернаттардын, бала бакчалардын кызматкерлери, студенттер жана өнөкөт оорулары бар бейтаптар эмдөөдөн өтөт.


Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин өткөн айдын соңунда өлкөдө орусиялык “Спутник V” вакцинасын өндүрүү башталганын жарыялаган. Ал эмдөө 2021-жылы февралда старт аларын билдирген.


Буга чейин Жамбыл облусунда наркы 7 млрд. теңгеге (16,5 млн долларга) бааланган коронавируска каршы казакстандык вакцина чыгара турган завод курула баштаганы айтылган. Ага ылайык, завод жылына 30-60 млн. доза өлчөмүндө коронавируска каршы вакцина өндүрмөкчү. Андан тышкары куш тумоосу, бруцеллез, дерматит сыяктуу илдеттерге каршы вакциналар чыгарылары айтылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн