Бишкектеги менчик мектепте шаурмага уулангандардын саны 75ке жетти. Бул тууралуу Республикалык клиникалык жугуштуу илдеттер ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев билдирди.
Анын айтымында, уулангандардын 68и — балдар, калганы — чоң кишилер.
"Беш бейтап ооруканадан чыкты, дагы сегиз адам дарыланып жатат, абалдары туруктуу. Алар анализдеринин жыйынтыгы менен чыгарылышы мүмкүн", — деди Аалиев.
Эске салсак, 31-октябрда Бишкектеги жеке мектептердин бириндеги окуучулар шаурмага жапырт ууланышкан. Бейтаптар Республикалык клиникалык жугуштуу илдеттер ооруканасына 22:30дан тартып кайрыла башташкан.
Кийинчерээк Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик департамент мектепти текшерип, натыйжада протокол түзүлүп, жалпы 36 миң сом айып чегерилген. Шаурма мектептин 3-класстан 11-класска чейинки окуучуларына берилгени маалым болду.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн