Бишкек шаарында 1-июлдан тарта автобус жана троллейбустарда накталай акча түрүндө жол акысын төлөө токтотулат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.
Мэрия билдиргендей, "Тулпар" электрондук билет аппараттары эки жылдан бери иштетилип келет. Мындан улам толук санариптештирүү максатында накталай акча төлөө токтотулат.
Жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн "Тулпар" электрондук билет аппараттары жол акысын Visa жана Элкарт карточкалары аркылуу төлөө мүмкүн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн