Бугу 12, 2024
Убакыт: 13:56
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

1-июлдан тарта маданият, маалымат кызматкерлеринин айлык маянасы көтөрүлөт

11.04.2021 09:09
951
1-июлдан тарта маданият, маалымат кызматкерлеринин айлык маянасы көтөрүлөт

2021-жылдын 1-июлунан тарта маданият, искусство жана маалымат кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулатылат. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалымат кызматы билдирди.


Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү токтомуна Кыргыз Республикасынын премьер-министри кол койгон. Аталган чечим маданият, искусство жана маалымат кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөнүн шарттарын жакшыртуу максатында кабыл алынган.


2021-жылдын 1-июлунан тарта күчүнө кире турган документке ылайык, “Улуттук” статусуна, же “академиялык” наамына ээ маданият мекемелеринин айлык акылары 20%га көтөрүлдү.


Мурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен “Улуттук” статусу бар маданият мекемелеринин айлык акылары 80%га көтөрүлгөн.


Башка мекемелердеги маданият, искусство жана маалымат кызматкерлеринин, анын ичинде жергиликтүү башкаруу органдарынын карамагында турган маданият, искусство жана маалымат кызматкерлеринин эмгек акыларын 50% га жогорулатуу каралган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн