Кулжа 30, 2024
Убакыт: 05:33
USD
86.20
87.10
EUR
92.10
93.10
RUB
0.970
1.025

1-июлдан тарта пенсияга мөөнөтүнөн мурда чыгуу нормасы жоюлат

27.06.2024 12:45
116
1-июлдан тарта пенсияга мөөнөтүнөн мурда чыгуу нормасы жоюлат

Июлдан тарта пенсияга мөөнөтүнөн мурда чыгуу нормасы токтойт. Бул тууралуу Соцфонддун коомчулук менен иштөө башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Мукамбетов "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди.

Маалыматка ылайык, 1-июлдан тарта пенсияга мөөнөтүнөн мурда чыгуу нормасы жоюлат, бирок беш жыл иштегендерге пенсиянын базалык бөлүгү толук төлөнө баштайт.

Кыргызстанда эркектер пенсияга 63 жаштан, аялдар 58 жаштан чыгат. Ошол эле учурда эгер киши пенсия курагына жете электе эле талап кылынганга кошумча 15 жыл эмгек стажысы болсо, ага мөөнөтүнөн мурда, үч жыл эрте пенсия чегерилчү (эркектерге 60 жашында, аялдарга 55 жашында).

Ошол эле учурда пенсиянын базалык бөлүмүн толук алыш үчүн эми эркектерге 25, аялдарга 20 жылдык эмгек стажы талап кылынбайт. 1-июлдан баштап беш жылдык эмгек стаж менен деле пенсиянын базалык бөлүгү толук төлөнөт.

"Буга чейин стаж толук болбогон учурда пенсия теңдемелүү эсептелип келген. Эмгек стажысы жете электерге базалык бөлүк болгон 3 170 сомдун жарымы гана төлөнчү. Июлдан тарта толук төлөнүп калат. Башкача айтканда, беш жылдан кем иштебегендерге базалык бөлүмдүн баары берилет", — деген ал.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн