Тогуздун айы 06, 2024
Убакыт: 09:25
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

"1-июндан тарта туризм тармагынын бардык субъекттери иштей баштайт"

29.05.2020 14:53
929
"1-июндан тарта туризм тармагынын бардык субъекттери иштей баштайт"


1-июндан баштап Кыргызстанда туризм тармагынын бардык субъекттери иштей баштайт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов 29-майдагы брифингде билдирди.


Анын айтымында, Ысык-Көл облусуна кирүү постторунда бир гана дене табы текшерилет, андан башка эч кандай тоскоолдук болбойт.


1-июндан баштап туризм тармагынын бардык субъекттери иштей баштайт. Алардын ичинде: пансионаттар, ден соолук чыңдоо комплекстери, жаратылыш парктары, пляждар жана башка мекемелер. Азыркы тапта, санитардык эрежелерди сактоо боюнча туризм тармагынын субъектилерине атайын талаптар даярдалууда. Анын ичинде, тамак ичүү жайларындагы жайгашуу эрежелери, шезлонгдор ортосундагы аралык жана башкалар. Бул боюнча толук маалымат жакынкы күндөрү берилет”, - деди Жаманкулов. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн