Кулжа 02, 2024
Убакыт: 01:30
USD
87.60
88.50
EUR
94.60
95.60
RUB
0.960
0.980

1-июндан тартып бардык мекемелердин кызматкерлеринин ишин камсыз кылуу керек, - Өкмөт

27.05.2020 18:11
1528
1-июндан тартып бардык мекемелердин кызматкерлеринин ишин камсыз кылуу керек, - Өкмөт

 

1-июндан тартып бардык министрликтердин жана ведомстволордун кызматкерлеринин ишин камсыз кылуу керек. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр Самат Кылжыев 1-июндан тартып бардык министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн, райондук мамлекеттик администрациялардын кызматкерлеринин ишин камсыз кылуу керек деген тапшырмага кол койгон.


Чечим өлкөдө өзгөчө абал режими токтотулгандыгына, ошондой эле экономикалык ишмердүүлүктүн уруксат берилген түрлөрүнүн жандануусуна байланыштуу, социалдык-экономикалык абалды турукташтырууга багытталган кризиске каршы кабыл алынган чараларды натыйжалуу ишке ашыруу максатында кабыл алынган. Иштеген жерине чейин коомдук унаа менен жетүү мүмкүндүгү жок  кызматкерлер аралыктан иштөөнү уланта беришсе болору айтылат.


Муну менен катар мамлекеттик органдардын жетекчилери  жумушчулардын кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда күнүмдүк иште санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин бекем сакталышын камсыз кылуулары шарт. Ошондой эле кызматкерлердин саламаттыгын сактоо жана иш режимин белгилөө боюнча чараларды жүзөгө ашырууга багытталган иш-чараларды кабыл алуу зарылдыгы белгиленген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн