Бугу 17, 2024
Убакыт: 08:54
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

1-июнга чейин бүтпөсө башкача сүйлөшөм. Министр кытай подрядчысына эскертүү берди

04.05.2023 11:04
186
1-июнга чейин бүтпөсө башкача сүйлөшөм. Министр кытай подрядчысына эскертүү берди

Транспорт министри Тилек Текебаев Балыкчы-Тамчы-Чолпон-Ата-Корумду унаа жолунун 10-23-чакырым аралыгындагы жолдун бир тарабын 1-июнга чейин бүткөрүү талабын койду.


Ысык-Көл облусуна жасаган иш сапарымдын алкаганда курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышып, туристтик сезон башталганга чейин төрт тилкелүү жолдун эки тилкесин (оң тарабын) бүтүрүүнү тапшырды.


Жеринде иштеп жаткан кызматкерлер менен баарлашып, айлык маяна алууда кыйынчылыктар жаралып-жаралбагандыгына кызыктым. Жолчулар эмгек акы өз убагында берилип жатканын билдирип, жол курууда да олуттуу маселе жоктугун белгилешти.


Учурда Балыкчы-Тамчы-Чолпон-Ата-Корумду унаа жолунун 10-23-чакырым аралыгында (Сары-Камыш айылынан Тору-Айгырга чейинки аралыгы) жол куруу иштери кызуу жүрүп жатат. Жерине 103 атайын техника жана 175 адам тартылып, жолдун бир тарабын 1-июнга чейин бүткөрүү аракети көрүлүүдө. 


Белгилей кетсек, Балыкчы-Каракол-Балыкчы айланма жолунун Балыкчы-Тамчы-Чолпон-Ата-Корумду тилкесинин жалпы узундугу 104 чакырымды түзөт. 2023-жылга республикалык бюджеттин “Капиталдык салымдар” беренеси аркылуу аталган жолдун 5-10-чакырым аралыгындагы асфальттын үстүңкү катмарын, 10-23-чакырым аралыгында эки катмарлуу асфальт жаткыруу иштерине жана жасалма курулмалар үчүн акча каражаты каралган. Бардык жумуштарды нормага ылайык жана жол куруу сезонунда бүткөрүү пландалган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн