Бугу 19, 2024
Убакыт: 07:56
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

1-класстар кандай шартта билим алышат? Мектептер жана ата-энелер үчүн сунуштамалар

19.08.2020 13:06
1214
1-класстар кандай шартта билим алышат? Мектептер жана ата-энелер үчүн сунуштамалар


Өкмөт 1-сентябрдан тарта учурдагы кырдаалды эске алып, кадимки тартипте 1-класстын окуучуларын гана окутуп баштоону чечти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жалпы гигиена боюнча дарыгери Мария Кушубакова билдирди.


Анын айтымында, мектептер үчүн талаптар жана биринчи класстын окуучуларынын ата-энелерине атайын сунуштамалар иштелип чыкты. 


"Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте мектептер үчүн алгоритм иштеп чыктык”, - деди ал. 


Талаптар жана сунуштамалар:


- ар бир класста окуучулардын саны азайтылышы керек, эгерде класста 25-30 окуучу болсо, аларды эки топко бөлүп, шахматтык тартипте отургузуу зарыл; 


- мектептердин мүдүрлөрү санитардык талаптардын аткарылышына жана дезинфекциялоо иштерине жооптуу; 


- балдар беткап тагынып, атайын кол аарчыларды жана антисептиктерди пайдаланышы керек, аларды ата-энеси камсыздоого тийиш;


- мектептер дезинфекциялоочу каражаттар менен камсыздалышы керек;


- ата-энелерге балдарын өздөрү алып келип, алып кетүүсү сунушталат; 


- аралыкты сактоо үчүн мектептерде эки чыгуу/кирүү эшиги болушу зарыл;


- санитардык ченемдерди жана тийиштүү шарттарды сактоо үчүн мектептерде суу менен камсыздалуу, канализация жана жылытуу сезонуна даярдыгы болушу керек.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн