Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 16:02
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

1-класстарды кантип электрондук каттоодон өткөрсө болот?

07.02.2021 12:01
2638
1-класстарды кантип электрондук каттоодон өткөрсө болот?

“Мектепке электрондук каттоо” автоматташтырылган маалыматтык системасын ишке киргизүүнүн негизги максаты болуп Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы берүү уюмдарынын 1-классына кирүүдө балдарды каттоо, эсепке алуу жана маалыматты иштеп чыгуу, ошондой эле ар бир баланын башталгыч жалпы, негизги жалпы жана орто жалпы билим алууга тең укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн камсыздоо, балдарды мектепке киргизүүдө коррупциялык схемаларды минималдаштыруу болуп саналат. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.


“Мектепке электрондук каттоо” АМС мамлекеттик билим берүү кызматын ишке ашыруу үчүн акысыз программалык продукт болуп саналат.


Мектеп жашына жеткен (6-7 жана андан жогору жаштагы), жалпы билим берүү уюмуна жакын жайгашкан территорияда жашаган/жашабаган балдар “Мектепке электрондук каттоо” АМС аркылуу биринчи класска кабыл алынат. Система мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин администрациясына мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө милдеттүү болуп саналат.


Мектеп курагына жеткен (6-7 жаш жана андан жогору) бардык балдар (Кыргыз Республикасынын көмөкчү мектептеринде жана класстарында окуган балдарды кошпогондо) "Электрондук каттоо" АМС каттоодон өтүп, алардын билим деңгээлине карабастан биринчи класска дайындалат.


2021-2022-окуу жылына карата балдарды 1-класска кабыл алуу үстүбүздөгү жылдын 15-февралынан 15-августуна чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Кызыл-Кыя, Кара-Балта, Токмок шаарларынын мектептеринде жүргүзүлөт.


Баланын ата-энеси/мыйзамдуу өкүлү – арыз ээси төмөнкүлөргө милдеттүү:


- мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмунун биринчи классында орун алуу үчүн учурдагы жылдын 15-февралынан 15-августуна чейин онлайн режиминде mektep.edu.gov.kg сайтында мектеп жашына жеткен (6-7 жана андан жогору жаштагы) баланы “Мектепке электрондук каттоо” АМСте каттоого;


- баланы биринчи класска кабыл алуу жөнүндө билдирме алган күндөн баштап, учурдагы жылдын 5-сентябрынан кечиктирбестен, мамлекеттик жана муницпалдык жалпы билим берүү уюмуна тиешелүү тастыктоочу документтерди берүүгө милдеттүү.


“Мектепке электрондук каттоо” АМС программалык деңгээлде кийинки мыйзамдуу жеңилдикке ээ жарандарга артыкчылык берет:


- аскер кызматчыларынын балдары, үй-бүлөсүнүн жашаган жери боюнча;


- тийиштүү маалымкатты берүү менен Кыргыз Республикасына көчүп келген, Кайрылман статусуна ээ болгон этникалык кыргыздардын балдары.


Ошондой эле, Каракол, Нарын, Талас, Баткен жана Кара-Суу шаарларындагы мектептерде 2021-2022-окуу жылына карата балдарды 1-класска кабыл алуу 15-апрелден 15-августка чейин "Мектепке электрондук каттоо" АМС аркылуу жүргүзүлө тургандыгын маалымдайбыз.

Пикирлер (11)

Коопсуздук коду
Шерматова эльмира
1-класска каттоо жүрүп жатабы
Абдурахимов Бактыяр
1 класска катоо
Курустанбек уулу
1клсска катоо
Артыкова Айжамал
Кантип 1 класска каттайбыз
Токторбаева Айзат
Баламды 1-класска электрондук каттодон катташым керек