1-октябрдан тарта жашоо минимумунан төмөн пенсиялар 50%га жогорулайт. Бул тууралуу Соцфонддун төрагасы Бахтияр Алиев Жогорку Кеңеште билдирди.
"Базалык бөлүгүн 50 пайызга чейин жогорулатып, эң төмөнкү пенсияны 4300 сомго жеткирүү пландап атабыз. Ал эми 2023-жылы Конституциянын 44-беренесине ылайык 100 пайызга көбөйтөбүз. Бул боюнча эсептеп министрлер кабинетине да, финансы министрлигине да бергенбиз", — деди Алиев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн