1-октябрдан тарта пенсия орточо 455 сомго көтөрүлөт. Мындай пикирин Социалдык фонддун төрагасы Жаныбек Орозалиев билдирди.
Анын айтымында, жогорулатуунун өлчөмү ар бир пенсионердин пенсиясынын өлчөмүнө жараша болот.
“Жалпы өлчөмү 4 миң 785,4 сомдон ашпаган пенсиялар үчүн 200 сомдон кем эмес жана жалпы өлчөмү 4 миң 785,4 сомду түзгөн жана андан ашкан пенсиялар үчүн 500 сомдон кем эмес каражат чегерилет”, - дейт ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн