Бугу 17, 2024
Убакыт: 13:02
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

1 жылда жаңы үйлөр салынат. Эрдоган зилзаладан курман болгондордун саны 35 миңден ашканын билдирди

15.02.2023 08:40
311
1 жылда жаңы үйлөр салынат. Эрдоган зилзаладан курман болгондордун саны 35 миңден ашканын билдирди



Зилзаладан 35 миң 418 мекендешибиз көз жумду. Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган билдирди. 


Жер титирөөнүн кесепетинен 105 миң 505 жараныбыз жабыркаган.



"1аптада урандылар жана кыйроолорду эсептөө иштери аяктайт. Жер титирөө катталган аймакта урандыга айланган 19 миңден ашык имараттын 15 миңин текшерүү иштери аяктады.


Зилзаладан 47 миң көп кабаттуу үйдөгү 211 миң батир колдонууга жарабай калган.


Март айынын башында 30 миң батирлүү үйлөрдү куруу иштери башталат. Жаңы салына турган үйлөр сейсмикалык жаракалардан узак аймакка курулат.

Буйруса, бир жыл ичинде өлкөбүздүн жана чет өлкөлүк жардам менен үйсүз калган ар бир жаран жаңы үйлөргө кирет",- деди Эрдоган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн