Бугу 17, 2024
Убакыт: 10:00
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

10-15-февралда Кыргыз-тажик чек ара комиссиясынын жолугушуусу өтөт

07.02.2022 14:27
773
10-15-февралда Кыргыз-тажик чек ара комиссиясынын жолугушуусу өтөт

Кыргызстан менен Тажикстандын чек араны тактоо боюнча эки тараптуу өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу тобунун жолугушуусу 10-февралдан 15-февралга чейин Кыргызстандын аймагында өтөт. Бул тууралуу  Министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев “Азаттык” радиосуна билдирди.


Анын айтымында, эки тараптуу жумушчу топтун жолугушуусу эки айдан бери токтоп турган.


Топографиялык жумушчу топту Кыргызстандан Министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев жетектейт. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 2021-жылдын 1-майынан баштап ушул күнгө чейин эки тарап 81 чакырымдан ашык чек ара тилкеси боюнча такташкан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн