Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 14:00
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

10 адамды унаасы менен сүзүп өлтүргөн жаранга сот өкүм чыгарды

05.03.2021 15:48
734
10 адамды унаасы менен сүзүп өлтүргөн жаранга сот өкүм чыгарды

3-мартта, Канада соту Алек Минасянды 2018-жылдын 23-апрелинде жөө жүргүнчүлөрдүн үстүнө унаа айдап, 10 адамды өлтүргөнү үчүн күнөөлүү деп тапты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.


Минасяндын адвокаты кардар аутизмден жапа чеккенин, ошондуктан ал эмне кылып жүргөнүн билбей тургандыгын айтты.

28 жаштагы Минасян өзүнүн унаасын жөө жүргүнчүлөрдүн үстүнө айдап кеткенин мойнуна алган.

Минасян унаасын Торонтодо эл көп топтолгон жерде жөө жүргүнчүлөрдүн үстүнө  айдап  22 жаштан 94 жашка чейинки сегиз аялды жана эки эркек кишини өлтүргөн.


Сот Минасян кол салууну пландаштырган жана атайылап жасагандыгы боюнча шек жок экендигин айтты.

Канадада адам өлтүрүү боюнча соттолгондор өмүр бою эркинен ажыратылат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн