Баш оона 22, 2025
Убакыт: 06:19
USD
87.10
87.60
EUR
101.20
102.20
RUB
1.080
1.110

10 айда Кыргызстандын ички дүң продукциясы 7 пайызга өскөн

11.11.2022 11:31
1068
10 айда Кыргызстандын ички дүң продукциясы 7 пайызга өскөн

Үстүбүздөгү жылдын январь-октябрь айларында ички дүң продукциянын көлөмү алдын ала эсептөөлөр боюнча дээрлик 689 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов брифингде билдирди.


Анын айтымында, 2021-жылдын январь-октябрь айларына салыштырмалуу көрсөткүч 7%га өскөн.


Ал ИДПнын өсүшүнө тейлөө тармагындагы сооданын көлөмүнүн өсүшү таасир эткендигин белгиледи.


"ИДПнын түзүмүндө эң чоң үлүш тейлөө чөйрөсүнө – 45%, өнөр жайдын үлүшү 18%, айыл чарбасы – 14%дан ашык жана курулуштун үлүшү 7%га жакынды түздү. "Кумтөр" кенин иштетүү боюнча ишканаларды эсепке албаганда, үстүбүздөгү жылдын январь-октябрь айларында ИДПнын көлөмү 641 млрд сомдон ашыкты түзүп, 5%га өстү", - деди Шокенов.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн