Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 11:38
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

10-июнь: COVID-19дун жаңы 38 учуру катталып, илдет Таластанда чыкты

10.06.2020 10:03
1052
10-июнь: COVID-19дун жаңы 38 учуру катталып, илдет Таластанда чыкты


10-июнга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 38 учуру катталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.


Маалыматка ылайык, жаңы катталган 38 учурдун жетиси ооруну кайдан жуктурганы белгисиз.

 

Жаңы учурлар:


Бишкек шаары – 19;

Ош шаары - 6;

Чүй облусунда - 6;

Ош облусу - 3;

Нарын облусу - 1;

Жалал-Абад - 2;

Талас облусунда - 1.


Муну менен республика боюнча жалпы 2055 учур катталды.

 

Ошол эле учурда бир сутка ичинде ооруканадан 89 бейтап чыгарылган. Кыргызстан боюнча бүгүнкү күнгө чейин илдеттен айыккандардын саны жалпы 1572 адамга жетти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн