Бугу 20, 2024
Убакыт: 02:15
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

10 кабаттуу үйдүн пайдаланууга берилиши боюнча кылмыш иши козголду

10 кабаттуу үйдүн пайдаланууга берилиши боюнча кылмыш иши козголду

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук прокуратурасы тарабынан Бишкек шаардык архитектуралык-курулуш көзөмөлү боюнча башкармалыгында текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.


Маалыматка караганда, текшерүүдө аталган башкармалыктын жооптуу кызматкерлери бир катар мыйзам бузуулар менен курулган 10 кабаттуу турак-жайды пайдаланууга кабыл алышкандыгы аныкталды.


Алсак, “А.К.” курулуш компаниясы 2007-жылы Бишкек шаары, Балтагулов көчөсү 2/3 (мурдагы Тынчтык проспектиси 36) дарегиндеги көп кабаттуу турак жайды курууга уруксат алган.


2016-жылы «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемеси тарабынан мамлекеттик экспертизадан өтпөгөн объекттин долбоордук документтерине өзгөртүүлөр киргизилип, анын ичинде курулуш көлөмү жана имараттын аянты көбөйгөн.


Андан соң, жогорудагы 10 кабаттуу турак жай архитектуралык жана шаар куруу мыйзамдарынын ченемдерин жана өрт коопсуздугунун талаптарын бузуу менен курулган.


Мындан тышкары, берилген инженердик-техникалык шарттарды бузуу менен объектти жылуулук менен жабдуу каралган газдын ордуна электр энергиясынын эсебинен жүргүзүлөөрү аныкталды. Бул объекттин өзүнө жана ошол райондун электр тармактарына кошумча оорчулук келтирет.


Бирок, жогорудагы белгиленген адамдардын коопсуздугуна коркунуч келтирген мыйзам бузууларга карабастан, 2020-жылдын февраль айында Мамэкотехинспекциянын Бишкек шаары боюнча аймактар аралык башкармалыгынын (азыркы Бишкек шаардык архитектура-курулуш көзөмөлү боюнча башкармалыгы) жооптуу кызматкерлери тарабынан көп кабаттуу турак-жай имараты пайдаланууга кабыл алынган.


Текшерүүнүн жыйынтыгы менен прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) боюнча кылмыш иши козголду жана Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине аныкталган мыйзам бузууларды четтетүү жөнүндө прокурордук чара көрүү актысы киргизилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн