Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 00:29
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

10 кымбат баалуу унаа жана 30 батир. Бажы кызматынын кызматкери кармалды

11.06.2021 14:17
1431
10 кымбат баалуу унаа жана 30 батир. Бажы кызматынын кызматкери кармалды

Экономика жана финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик бажы кызматынын Түштүк-батыш бажысынын башчысы Н.П. Айтмаматовдун кармалышы боюнча УКМК маалымат берди. Нурбек Айтмаматов кармалганы 9-июнда кечинде белгилүү болгон.


«Чогултулган материалдардын негизинде Жазык кодексинин 323-беренеси (Мыйзамсыз баюу) менен каралган кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.


Такталгандай, Н.Айтмаматов өзүнүн кызматтык ыйгарым укуктарынан пайдаланып, Түштүк-батыш бажысындагы товарларды туура эмес декларациялоо үчүн коррупциялык схемаларды, Товарлардын "жалган транзити" ж.б. уюштуруп, натыйжада олуттуу көмүскө киреше алып турган.


Н.Айтмаматов пайда көрүү үчүн мыйзамсыз алынган материалдык көп сандаган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү алуу менен, атап айтканда болжол менен 4,5 миллион АКШ долларына бааланган 30дан ашык элиталык батирлер, 1 млн долларга бааланган ондон ашык унаа каражаттарын мыйзамдаштырган.


Ошол эле учурда көмүскө кирешенин бир бөлүгүн «К.С.И.» жана «Р.К.» курулуш компания аркылуу мыйзамдаштырып, бирок негизги акциялары Н.П.Айтмаматовго таандык болгон», - деп айтылат УКМКнын маалыматында.


Айтмаматов УКМКнын убактылуу кармоочу жайында. Тергөө иштери жүрүп жатат.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн