Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 15:45
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

10 киши топтолсо мобилдик топ барып вакцина саят

10 киши топтолсо мобилдик топ барып вакцина саят

Мэрия Свердлов районунун аймагында дагы бир эмдөө жайы ачылганын жана коллективде 10 киши коронавируска каршы вакцина алууну кааласа мобилдик топ барып сайып берерин билдирди.


"Свердлов районунун урматтуу жашоочулары, сиздердин ыңгайлуулук үчүн аталган аймакта дагы кошумча эмдөө жайын ачтык. Ал Жибек жолу №381 дарегинде, "Эльдорадо" соода борборунун имаратында жайгашкан", — деп айтылат маалыматта.


Шаардыктар аталган жерден саат 8:00дөн 18:00гө чейин вакцина сайдырып кетсе болору кабарланды.

"Эгерде сиздердин жамаатта вакцина алууну каалаган 10 киши болсо, мобилдик топту жиберип эмдөө жасатабыз. Алар вакцинаны санитардык-эпидемиологиялык бардык эрежелерди сактоо менен тез арада сайып беришет", — деп билдирди мэриядан.


Эмделе турган адам өзү менен кошо паспорту болушу шарт экени айтылды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн