Жетинин айы 07, 2025
Убакыт: 13:22
USD
87.30
87.80
EUR
100.50
101.50
RUB
1.075
1.105

БШК Кудрет Тайчабаровду депутаттыкка талапкер катары каттоодон баш тартты

БШК Кудрет Тайчабаровду депутаттыкка талапкер катары каттоодон баш тартты


Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында Кудрет Тайчабаров кримтөбөл Камчы Көлбаевдин Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоого талапкер катары катталбай калышына алып келген сүрөтү боюнча комментарий берди.


Мурдагы чиновниктин айтымында, сүрөт 2021-жылы Бишкек эркин экономикалык аймагын жетектеп турганда тартылган.


Кудрет Тайчабаровдун айтымында, ошол кезде заводдун өкүлдөрү ага уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү тарабынан «үлүш» — темир жол аркылуу жөнөтүлгөн ар бир вагон үчүн 350 доллардан акча талап кылып жатканы боюнча арыз менен кайрылышкан.


"Башкы прокуратурага, УКМКга кайрылдык. Бирок, жогоруда айткандай, эч кандай жыйынтык болгон жок. Андан соң түз эле Камчы Көлбаевге кайрылууну чечтик. Мен ага жолугуп, "өзүңөрдү патриотмун десеңер, темир жол линиясы мамлекетке кайтарылсын, уюшкан кылмыштуу топ ишкерлерден акча алганды токтотсун" дедим", - деди ал.


Мурдагы чиновниктин айтымында, сүйлөшүүдөн кийин Камчы Көлбаев «ЭЭАнын ишине эч ким тоскоол болбогула деп буйрук берем» деп убада берип, азыр интернетте тарап жаткан сүрөт кримавторитеттин өзүнүн демилгеси менен, «бизнеске басым жасоого аракет кылгандарга көрсөтүү үчүн» тартылганы айтылган.


Борбордук шайлоо комиссиясы өз кезегинде баш тартуу чечими эгерде жаран кылмыштуу топ же уюм менен байланышта болгон же катталган болсо, талапкер катары каттала албайт деген мыйзамдын жоболоруна негизделгенин билдирди.


Кудрет Тайчабаров бул чечим боюнча даттануу ниетин билдирди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн