Чын курандын 08, 2025
Убакыт: 11:27
USD
86.80
87.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.995
1.040

10-класстын окуучусу мектептин экинчи кабатынан секирди

18.05.2021 19:18
2574
10-класстын окуучусу мектептин экинчи кабатынан секирди


Ош облусунун Өзгөн районундагы Мырза-Аке айылында 10-класстын окуучусу Мамат Нурбаев атындагы орто мектебинин экинчи кабатынын терезесинен секирген. Бул тууралуу аталган мектептен билдиришти.


Алардын айтымында, анын колу сынып, бутунан жаракат алган. Окуучу Ош облустук ооруканасына жаткырылган.


Маалыматка ылайык, окуя сабак баштала электе болгон.


"Ал экинчи кабаттан секире алабы же жокпу сынап көргүсү келген. Көйгөй жарата турган окуучу эмес, азыр анын абалы жакшы эле", - деди мектеп жамааты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн