Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 01:47
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

10 күн акысыз болот. Улуттук тарых музейи расмий ачылды

19.11.2021 16:01
2051
10 күн акысыз болот. Улуттук тарых музейи расмий ачылды



Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси Арслан Койчиевдин жана Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкуловдун катышуусу менен Улуттук тарых музейи расмий ачылды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.


Салтанат атайын даярдалган улуттук каада- салтты чагылдырган пролог менен башталып, Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси Арслан Койчиев жана Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов куттуктоо сөз сүйлөп, терме чечүү менен ачылды.


Министр Азамат Жаманкулов улуттук тарых музейи- мамлекеттин күзгүсү жана өлкөнүн өнүгүү жолу жана ага чейинки тарыхы маанилүү экендигин баса белгилеп, кыргыз элинин тамыры терең тарыхын таанытуудагы изденүүлөр жана жаңылануулар улантылат деп билдирди. Музейдеги тарыхый табылгалар  жана руханий эстеликтер  көкүрөгүбүзгө көөнөрбөс азык болуп, ар бириңиздерге алмашкыс сезимдерди тартуулайт деп ишенем, сөзүн жыйынтыктады министр. 


Ал эми, Президенттин кеңешчиси Арслан Койчиев, музейдин ачылышы эки себеп боюнча маанилүү окуя экендигине токтолду. Ал Борбор Азиядагы эң чоң музейлердин бири жана музейдин тарыхы Кыргызстандын тарыхы менен бир катарда тургандыгы менен маанилүү деп белгиледи. Мындан улам, ишке кирген музей экспонаттарын байытуунун үстүндө иштөөнү жана тарых – бул биздин ата-бабаларыбыз жана баарыбыз басып өткөн жол. Ал эми тарыхый-маданий баалуулуктар менен экспонаттардын сакталып калганы биздин сыймыгыбыз, деп кошумчалады.


Андан соң, ачылышка катышкан бардык жарандар жана ММК өкүлдөрү үчүн атайын пресс – тур уюштурулду.


Эске салсак, музей 20- 30-ноябрга чейин жарандарды акысыз кабыл алып баштайт. Кирүү убактысы саат 10:00- 18:00 чейин. 


Мындан улам,   жарандар музейге кирүү учурунда өлкөдөгү эпидемиологиялык  кырдаалды эске алуу менен,  бет кап кийүүсү жана санитардык нормаларды сактоо талап кылынат.

Музейге кирүү, кыдыруу жана өзүн алып жүрүү боюнча  эрежелер кирүү алдында  кенен маалымат алса болот.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн