Жетинин айы 10, 2024
Убакыт: 13:03
USD
86.05
86.55
EUR
92.30
93.30
RUB
0.870
0.910

10-май: СOVID-19 вирусунун 71 жаңы учуру катталып, 1002 жетти

10.05.2020 10:17
850
10-май: СOVID-19 вирусунун 71 жаңы учуру катталып, 1002 жетти


Бүгүн, 10-майга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 71 учур катталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн брифингде билдирди.


Бишкек шаары – 2

Чүй облусу - 56, алардын ичинен 55 Соль-Илецк шаарынан келгендер

Жалал-Абад облусу - 5

Ош облусу -  3

Баткен облусу - 4

Нарын облусу - 1


Муну менен жалпы республика боюнча жуктургандардын саны 1002ге жетти.


Ошондой эле бир сутка ичинде өлкө боюнча Бишкек шаарында 1 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Ал эми стационарлардан 10 медкызматкер сакайып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 232 учур катталды, алардын ичинен 176 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Турсунова эльвира
Жолдошум алматада келсе обсервацияга канча кунго алынат