Бугу 03, 2024
Убакыт: 03:38
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

10 миң доллардан ашпашы керек. Кыргызстандан долларды накталай алып чыгууга убактылуу тыюу салынды

16.01.2023 17:50
671
10 миң доллардан ашпашы керек. Кыргызстандан долларды накталай алып чыгууга убактылуу тыюу салынды

Кыргызстандан накталай чет өлкөлүк валютаны алып чыгууга убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, тыюу министрлер кабинетинин тиешелүү чечими кабыл алынганга чейин күчүндө болот. Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров финансы-экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу, ички валюта рыногундагы кырдаалды турукташтыруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарын коргоо максатында кол койгон.


Чечимге ылайык, төмөнкүдөй убактылуу тыюу салуу белгиленген:


– резидент эместерге жана чет өлкөлүк жарандарга 5000ден (беш миң) көп накталай АКШ доллары суммасында;


– Кыргыз Республикасынын жарандарына жана резиденттерине 10 000ден (он миң) көп накталай АКШ доллары суммасында;


Кыргыз Республикасынын жарандары жана резиденттери 10 000ден (он миң) көп АКШ доллары суммасында накталай АКШ долларын алып чыккан учурда, белгиленген лимиттен ашкан сумманын 10 % өлчөмүндө төлөм алынат.


Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматына накталай АКШ долларын алып чыгууга бөгөт коюуга багытталган зарыл чараларды көрүүсү тапшырылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн