Бугу 16, 2024
Убакыт: 15:35
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

10-октябрда Тажикстандын аймагында ЖККУнун аскердик машыгуусу башталат

07.10.2021 13:27
959
10-октябрда Тажикстандын аймагында ЖККУнун аскердик машыгуусу башталат

Россиянын Тажикстанда жайгашкан 201-аскер базасынын аскерлери Ооганстан менен чектешкен тилкелерде өтчү аскердик машыгууларга катышуу үчүн жөнөп кетти. Бул аскердик машыгууга 2700 жөө аскер менен офицер катышып, аскердик техника тартылганы кабарланды.


Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна кирген мамлекеттердин кезектеги аскердик машыгуусу жакынкы күндөрү ушул аймакта өтөрү күтүлүүдө. Бул тууралуу Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн борбордук округунун басма сөз кызматы маалымат таратты.


Орусиялык 201-базанын аскерлери Дүйшөмбү шаарындагы жана Бохтардагы туруктуу бөлүктөрүнөн чыгып, Ооганстан менен чектешкен «Харб-Майдон» жана «Момирак» аскердик полигондоруна жеткирилген.


ЖККУнун биргелешкен аскер күчтөрү 10-октябрдан 23-октябрга чейин Ооганстан менен чектешкен тилкелерде жалпысынан үч аскердик машыгуу өткөрөт. Бул тууралуу ЖККУга кирген мамлекеттердин башчыларынын 16-сентябрда болуп өткөн жолугушуусунда макулдашылган.


Ооганстанда «Талибан» (Кыргызстанда тыюу салынган) кыймылы бийликке келгенден кийин ЖККУга мүчө мамлекеттерде тынчсыздануу жараткан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн