Бугу 16, 2024
Убакыт: 04:14
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

10-октябрдан тарта пенсия жогорулатылат

07.10.2022 12:55
322
10-октябрдан тарта пенсия жогорулатылат

Кыргызстандыктар 10-октябрдан баштап жогорулатылган пенсия ала баштайт. Бул тууралуу Социалдык фонддун Коомчулук жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен иш алып баруу башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Мукамбетов билдирди.


Анын айтымында, 9-сентябрдагы токтомго ылайык, пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрү жогорулаган.


“Пенсиянын базалык бөлүгү 1780 сом болсо, 1-октябрдан баштап ал 3170 сомго көтөрүлдү. Мындан сырткары, камсыздандыруу бөлүгү 15 пайызга жогорулады. 2022-жылдын аягына чейин пенсиянын базалык бөлүгүн төлөөгө бюджеттен 3 млрд 83 млн сом бөлүнгөн. Пенсиялык фонддон 1 млрд 341 млн сом пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүнө жумшалат. Жогорулатылган пенсия 10-октябрдан баштап берилет”, - деди ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн