Бугу 09, 2024
Убакыт: 09:24
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

10-январдан кийин кайсы үлкөндөр жоопко тартылат?

05.01.2021 10:16
681
10-январдан кийин кайсы үлкөндөр жоопко тартылат?


Президенттик шайлоодон кийин мурдагы бийликтин тушунда ар кандай коррупциялык иштерди жасаган бир катар экс-чиновниктер жана учурдагы депутаттар жоопко тартылары кабарланды. Күч түзүмдөрүндөгү булактарыбыз “кара тизмеге” түшкөн “үлкөндөрдүн” ысымына чейин ачыктады. Бирок, азырынча биз бул тууралуу айтпай туралы деп чечтик. Ошентсе да 6-октябарга чейин мамлекеттик бийликте таасирдүү болгон бир катар инсандардын үстүнөн арыздар жазылып, фактылар чогултулуп жатканы айтылууда.


Азыркы бийликтин коррупцияга каршы аракетин коомчулук колдоого алышы керек. Президенттик шайлоодон кийин чындап эле кылмыш кылгандар болсо жазалансын. Бирок, мындай аракет саясий өңүткө өтүп, куугунтуктар болбошу зарыл. Булганган адамдарды таап, аларды жоопко тартып, келтирген зыянды мамлекетке кайтаруу учурдун талабы.  

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн