Бугу 14, 2024
Убакыт: 05:33
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Тажикстанда инфекция тараткан адамдар 10 жылга камалат

11.06.2020 15:45
1078
Тажикстанда инфекция тараткан адамдар 10 жылга камалат

Тажикстанда коркунучтуу оору же инфекцияларды жайылткан адам 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Бул тууралуу тажик ЖМКлар жазышты. 


Тажикстандын парламенти өлкөнүн кылмыш кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү колдоду. Ага ылайык, коркунучтуу ооруларды жана инфекцияларды жайылтты деп табылган адамдар эки жылдан беш жылга чейин камалат. Дагы кайталанган учурда эркинен ажыратуу мөөнөтү 5 жылдан 10 жылга чейин көтөрүлүшү мүмкүн. 


Кылмыш кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеси Тажикстандын юстиция министрлиги тарабынан сунушталган.


Ошондой эле, мыйзамга ылайык, жалган маалымат таратканы үчүн айып пул салынат. Физикалык жак 10дон 20га чейин эмгек акынын минималдык өлчөмү (бир көрсөткүч 58 сомонини түзөт) каралат. Юридикалык жактарга 150дөн 200гө чейин минималдык өлчөмү төлөнөт. 


Тажикстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, инфекция жуккан адамдардын жалпы саны 4 690ду түздү. Эпидемия башталгандан бери 2 815 адам айыгып чыккан. Каза болгондордун саны 48. 



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн