Бугу 09, 2024
Убакыт: 03:10
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

10:0. Айпери Медет кызы жарым финалга чыкты

05.10.2021 17:30
954
10:0. Айпери Медет кызы жарым финалга чыкты


Кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы кыз-келиндер арасында күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты. Бул тууралуу United World Wrestling уюмунун сайтында айтылат.

Кыргызстандык спортчу 76 кг салмакта болгариялык Мария Орешкова менен мелдештин 1/8 финалында күрөштү. Айпери Медет кызы атаандашына мүмкүнчүлүк бербестен 10:0 эсебинде утуп алды.

Чейрек финалда россиялык Марина Суровцева менен кезек келип, мекендешибиз аны дагы 10:0 эсебинде жеңген.

Эске салсак, спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты 2-10-октябрда Норвегиянын Осло шаарында өтүүдө. Ага Кыргызстандын атынан 15 балбан аттанган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн