Ош шаарында канал жээгине жаңы эс алуу багы курулууда. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Эс алуу багы А.Шакиров көчөсүн бойлой аккан Увам каналынын суу корук аймагында жайгашкан мурдагы “Тумар” мейманканасынын ордуна курулуп жатат.
Учурда аймакта гранит таштар төшөлүп, канал тарабы тосмолор менен тосулуп, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери жүргүзүлүүдө.
Мындан ары Ош шаарындагы бардык каналдардын корук аймактарында бирдиктүү долбоор боюнча окшош эс алуу бактары курулат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн