Балбан Жоламан Шаршенбеков Казакстанда өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатынын чемпиону болду чыкты.
Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча 60 кг салмакта мелдештин чейрек финалынан баштап катышууда. Алгач ал индиялык Сумит аттуу балбанга бир дагы упай бербестен, 10:0 эсебинде утуп алды. Жарым финалда кыргыз балбаны япониялык Майто Кавананы 4:0 эсебинде артта калтырып, финалга өткөн.
Финалда кореялык Hanjae Chung менен беттешип, ага эч кандай мүмкүнчүлүк бербей 10:0 эсебинде утту.
Эске салсак, буга чейин Акжол Махмудов чемпион болгон.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн