Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 01:58
USD
86.50
86.85
EUR
91.30
92.30
RUB
0.855
0.885

100 миң пара алган "Коррупцияга каршы элдик кызмат" коомдук бирикмесинин төрагасы кармалды

06.04.2023 17:35
483
100 миң пара алган "Коррупцияга каршы элдик кызмат" коомдук бирикмесинин төрагасы кармалды

Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын ИИМнин ички иликтөө кызматы менен биргеликте Октябрь райондук ИИБ ТКнын өндүрүшүндө турган кылмыш иши боюнча ар кандай маселелерди "чечип берем" деген шылтоо менен өзүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын биринин кызматкери катары көрсөтүп, өзүнө ишенген жарандарды адаштырып, өзүнө пайда көрүү максатында Бишкек шаарынын бир жаранынан опузалап 100 миң сом алып аткан жеринен "Коррупцияга каршы элдик кызмат" коомдук бирикмесинин төрагасы Э.У.Т. кармалды.


Тергөөнүн жүрүшүндө Э.У.Т. буга чейин 200 000 сом өлчөмүндө акча каражатын алгандыгы жана кылмыш ишин козгоону токтотуу боюнча көмөк көрсөткөндүгү үчүн кошумча 4 000 АКШ долларын талап кылгандыгы аныкталган.


Учурда тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн