Жетинин айы 01, 2024
Убакыт: 05:39
USD
85.65
86.15
EUR
92.40
93.40
RUB
0.875
0.915

100 миңден ашык карызы бар. Салык кызматы 535 адамга өлкөдөн чыгууга тыюу салды

22.04.2022 12:29
1289
100 миңден ашык карызы бар. Салык кызматы 535 адамга өлкөдөн чыгууга тыюу салды

Мамлекеттик салык кызматы 2022-жылдын 1-апрелине карата салык карызы бар деп таанылган 535 салык төлөөчүнүн өлкөдөн чыгууга чектеген. Бул тууралуу МСКнын маалымат кызматынан кабарлашты.


Мындан тышкары, Сот департаментине 1128 салык төлөөчүгө карата материалдар чыгууга чектөө жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн жөнөтүлдү.


Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдерине ылайык, 2022-жылдын 1-январынан тартып салык карызы бар деп таанылган салык төлөөчүлөргө карата бир катар чектөө чаралары колдонулууда.


Алсак, салык кызматынын органдары салык төлөөчү тарабынан таанылган салык карызы 1000 эсептик көрсөткүчтөн (100 миң сом) ашкан жана салык карызынын аткарылышын камсыз кылуу жөнүндө билдирүү тапшырылган учурдан тартып 15 жумушчу күндүн ичинде аткарылбаган жеке жактын же уюмдун жетекчисинин өлкөдөн чыгууга чектөө жөнүндө арыз менен сотко кайрылууга укуктуу.


Мындан тышкары, Мамлекеттик салык кызматы менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин ортосунда аткаруу документтери менен иш алып баруудагы өз ара аракеттешүү тартиби жөнүндө макулдашуу түзүлгөн.


Бул Макулдашууга ылайык салык органдарынын салык карызын өндүрүү боюнча материалдарынын негизинде сот аткаруучулар кызматынын бөлүмдөрү тарабынан мүлктү камакка алуу, чыгууга тыюу салуу, ошондой эле башка алдын алуу иш-аракеттери түрүндө чектөө чаралары көрүлөт.


Салык кызматынын расмий сайтында 100 миң сомдон ашык суммада таанылган салык карызы бар салык төлөөчүлөрдүн тизмеси ай сайын жарыяланат.


Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен Салык кызматы салык карызы бар салык төлөөчүлөрдү чектөө чараларын колдонуудан алдын алуу үчүн Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын белгиленген мөөнөттө салык милдеттенмелерин аткаруу боюнча ченемдерин сактоого чакырат.


 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн